Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу жарандар!

 

Бишкек шаарынын коомчулугуна шаардыктардын көрүнүктүү кызматтарын баалоо, Бишкек шаарынын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жеке ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши 2025-жылга «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча  Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган талапкерлер боюнча маалымат берет:

  1. 1)        Джумагулов Мурат  Джумагулович - “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер”,  пенсионер;
  2. Султанов Токтосун Султанович - Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси,   “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы”, Бишкек шардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаты,  Бишкек шардык кеңешинин XXVIII чакырылышындагы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
  3. Нышанов Сайдулла Канболотович - “Данк”  медалынын ээси,  2-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III, V, VI  чакырылыштарынын депутаты,  коомдук ишмер;
  4. Усенканов Анарбек  Адыбаевич - “Кыргыз Республикасынын дене  тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча  эмгек сиңирген машыктыруучусу”,  “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин машыктыруучусу;
  5. Боркоев  Бакыт  Маметисакович - “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Химиялык инженерия кафедрасынын профессору;
  6. Изабеков Чынарбек  Корчубекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, “Кыз-келиндер күрөшү боюнча  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу”, “Ардагерлер  арасында эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери”;
  7. Джунусов  Ибрагим  Коджоназарович - “Кыргыз  Республикасынын эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, “Музыкалык искусствосу” адиси боюнча доцент, профессор;
  8. Турусбекова Кульсара Султановна – “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы”;
  9. Керимбаева Джыпар Абдыралиевна - “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер”, “Муниципалдык кызматтын отличниги”, пенсионер;
  10. Матубраимов  Алмамбет – III-даражадагы “Манас” Орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1995-ж), "Кыргызстан элинин Ассамблеясы" юридикалык жактар бирикмесинин кеңешинин төрагасы;
  11. Суюндуков Артыкпай Айталиевич - “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”;
  12. Курманкулов  Самат Ажыгулович – “Эрдик” медалынын ээси, ички иштер органынын пенсионери.

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамына талапкерлер боюнча өз сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаары, Чүй пр., 166 дарек боюнча жөнөтүңүз.

 

Бюджеттик угуулар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилеринин жана шаардык жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар коомчулукту маалымдоо жана бюджет долбоорун кароо, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүлөт. Жалпы шаардык бюджеттик угуу төмөнкү даректе өтөт: Чүй проспектиси 168а дарегинде жайгашкан «Тунгуч» театрынын имаратында (мурунку Жаштар драмалык театры).

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

2025-жыл менен коштошуп, 2026-жылды тосуп алып жатабыз. Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кележаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өтүп бара жаткан жыл шаарыбыз үчүн маанилүү иштердин, өзгөрүүлөрдүн жана ынтымактуу эмгектин жылы болду. Бул жетишкендиктер сиздердин ишенимиңиздердин, колдооңуздардын жана биримдигибиздин жыйынтыгы.

Келе жаткан 2026-жыл ар бир үй-бүлөгө бакыт, ден соолук жана береке алып келсин. Балдарыбыздын күлкүсү, ата-энелерибиздин батасы ар дайым жан дүйнөбүздү жарык кылып турсун. Бишкек шаарыбыз тынч, коопсуз жана мындан да көрктүү болсун.

         Жаңы жылыңыздар берекелүү, кирешелүү жана жакшылыктарга бай болсун! Өнүккөн, көрктүү жана заманбап Бишкек үчүн бирге эмгектенип, жаркын келечекке биргеликте умтулалы. Сиздерге бекем ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын, үй-бүлөлүк жылуулук жана бакубатчылык каалайм. Эң асыл кыялдарыңыздар орундалып, жаңы жылдын ар бир күнү жарыкка, жакшы кабарларга жана жылмаюуларга толсун. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана гүлдөп-өсүү болсун.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу шаардыктар!

Сессиянын башында Бишкек шаардык кеңешинин жаңы депутаттары — Мамырканов Бекзат Тынчылыкович жана Дунканаев Айбек Медетбекович — салтанаттуу түрдө ант беришти, ошондой эле депутаттык күбөлүктөрү жана значоктору тапшырылды.
Сессия Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимовдун, фракция лидерлеринин, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин, Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын, Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясынын акимдеринин, ошондой эле шаардык кызматтардын жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Күн тартибине ылайык депутаттар 11 маселени карашты.
Күн тартибине коюлган бардык маселелер колдоого алынды, андан кийин XII сессия өз ишин аяктады.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында Президиумдун отуруму өттү. Президиумдун ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов, фракция лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары катышты.
Сессиянын күн тартибинин долбоору боюнча маселелер каралды жана түзүлдү.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев Бишкек шаарынын прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана борбор шаардын өнүгүүсүнө кошкон жеке салымына терең ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон кызматкерлер Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамоталары жана «Патриот» белгиси менен сыйланышты.

Кенен маалымат...

2025-жылдын 17-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында болуп өттү.

Күн тартибине ылайык депутаттар бир маселени карашты:

1. «Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө» Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору.

Токтомдун долбоорун депутаттар тарабынан колдоого алынып, кабыл алышты.

Сессиянын жүрүшүндө «ар кандай» бөлүмүнө кошумча маселе киргизилип, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгына жана энергетикалык чектөөлөрдүн абалына байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин кыскача маалыматы угулду. Баяндамачы маалымдагандай, рейддердин жыйынтыгы боюнча учурда бир дагы чарба субъектиси жабылбагандыгын билдирди.

 

Күн тартибиндеги бардык маселелер каралып бүткөндөн кийин сессия өз ишин жыйынтыктады.

 

2025-жылдын 17-ноябрында, саат 10-00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз XI сессиясы болот.

 

         Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеси:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);

- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);

- көрсөткөн субъектинин протоколу;

- макулдук формасы.

         Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.

         Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтардын типтүү формасы.

         Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 61-34-65

 

Тиркеме (docx.39kb)

Тиркеме 2 (docx.40kb)

Тиркеме 3 (docx.21kb)

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы болуп өттү
2025-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезексиз X сессиясы болуп өттү. Сессияга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев төрагалык кылды. Күн тартибине ылайык, депутаттар үч маселени карашты.
1.       “Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №6 “Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
2.    “Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №7 "Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
3.    “Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы №37 "Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Бишкек шаардык кеңешинин токтом долбоору.
Бардык маселелер кабыл алынып, сессия өз ишин жыйынтыктады.

Кенен маалымат...

 Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтөт

 

2025-жылдын 7-ноябрында, саат 10-00дө, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз X сессиясы болот.

 

2025-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйынында кезектеги IV Элдик Курултайга катышуу үчүн шайланган делегаттардын тизмеси:

Кенен маалымат...

Бишкек шаары IV Элдик Курултайга 72 делегатты шайлады

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун  жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жана коомдук бирикмелердин тургундар жыйындарында шайланган активисттери катышты. Жыйында 500 шайланган өкүлдүн ичинен 442 катышып, кворум камсыздалды.

Иш-чараны расмий түрдө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев жана төраганын орун басары Жылдызбек Абдраимов ачты. Жыйынга ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү да катышышты.

Бекжан Усеналиев Бишкек шаарынын өкүлдөрүнө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шайланган 72 делегатты куттуктап, алдыда боло турган IV Элдик Курултайда ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып баруусун каалады.

“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыгына, 2024-жылдын 21-декабрында III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык, ошондой эле XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 9-сессиясынын чечиминин негизинде, Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындарынын жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын 1-ноябрында, саат 10-00дө, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында (Абдумомунов көч.,230 дареги боюнча) Кезектеги IV Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.


“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыгына, 2024-жылдын 21-декабрында III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө”  жобосуна, кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына  ылайык, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы №63 токтомунун негизинде, 2025-жылдын 17-октябрынан 22-октябрына чейин Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйындары өткөрүлөт.

 

Тиркеме (docx. 31kb)