Размер шрифта
Интервал
Изображения
 

Сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен өзүмдүн жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын атынан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Кылымдар бою жашап, канчалаган өлбөс чыгармаларды сактап, кыргыздын акыл казынасын толуктап, рухий дүйнөбүздү байытып келген эне тилибиздин жоголуп кетпешине, кайра аны өнүктүрүүгө салым кошуу – ар бир кыргыздын парзы деп ойлойм. Андыктан, мен бардыгыңыздарды кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырат элем! Ошол дагы тилибиздин өнүгүшүнө чон салым болмок.

Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин:

“Улук болсом – тилим менен улукмун,

Улут болсом – тилим менен улутмун!” –деген саптары айтып тургандай, бизди улут кылган да, улук кылган да эне тилибиз экенин терең түшүнүп, ошого жараша ар тараптуу иш алып барышыбыз зарыл деп ойлойм.

Мен бардыгыңыздарга ушул багыттагы ишиңиздердин ийгилигин каалап, ар бир мекемеде, ар бир үйдө кыргыз тили  жаңырышын каалап кетким келет!

Бишкек шаардык кенештин төрагасы

Алмаз Кененбаев