XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Бул аралыкта тогуз сессия өтүп, анда депутаттар борбор калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан ар кандай маселеле боюнча 62 токтомду карап, кабыл алышты.
- Бишкек шаарынын бюджети 2025-жылга бекитилди;
- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилди;
- Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бекитилди;
- административдик райондордун жана МАБ аймактарынын чектери бекитилди;
-«Таза асман-2030» концепциясы кабыл алынды;
- Бишкек шаарында көңүл ачуучу парк куруу жана иштетүү жөнүндө токтом кабыл алынды ("Евразия" паркы, Жайыл Баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан);
- аз камсыз болгон жана жеңилдетилген категориядагы жарандарга белгилүү даталарга карата жыл сайын бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө жобо бекитилди.
Ошондой эле, 9 айдын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, шаар куруу, экология, социалдык коргоо жана бюджеттик саясат тармактарындагы негизги маселелер каралып, туруктуу комиссиялардын активдүү иши жүргүзүлдү.
Шаарды көрктөндүрүү, аз камсыз болгон калктын катмарын колдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Бишкек шаардык кеңеши эл аралык кызматташтыкты дагы өнүктүрүп, боордош шаарлардан жана эл аралык уюмдардан келген делегацияларды кабыл алды, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо максатында чет өлкөлүк иш сапарларга чыгышты.
Иштин жүрүшүндө депутаттар борбор калаанын тургундары менен ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө умтулушту, жарандардын кайрылууларын кабыл алышты, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүштү жана шаардын актуалдуу көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө көмөктөшүштү.
XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңеши шаардыктардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, борбор шаарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну чыңдоого багытталган ишмердүүлүгүн улантат.