Урматтуу шаарыбыздын туугундары жана меймандары, сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атымдан 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилден куттуктайм!
Бул күн элибиздин ынтымагы менен жаратмандыгынын, тарыхы жана жаркын келечегинин символу болгон өлкөбүздүн башкы майрамы.
Эркин мамлекетибизди түптөгөн ата-бабаларыбыздын эмгеги, эки миң жылдан ашык убакытты камтыган тарыхыбыздын үзүрү келечек муун тарабынан да баа жеткис дөөлөт катары аздектелет деп ишенем.
Түндүгүбүз бийик, эркиндигибиз түбөлүк болуп, касиеттүү кыргыз жерибизде бейпилдик өкүм сүрүп, элибизде биримдик орношун тилейм!
Эгемен өлкө экенибизди жар салган кызыл туубуз ар дайым бийиктиктерде желбирей берсин!
Ар бириңиздерге бакубат жашоо, өнүгүү, ынтымак жана ырашкерлик каалайм!
Эгемендигибиз элибизге ар дайым кут алып келсин!
Урматтоо менен,
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Б. Усеналиев