Бекжан Бактыбекович Усеналиевдин куттуктоосу
Урматтуу борбор калаабыздын тургундары, мекендештер!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди.
Нооруз майрамы - токчулуктун, ырыскынын, жаңылануунун майрамы!
Байыртадан бул күнү өмүрдөгү жаңы көктөм башат алат! Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, күн түн менен теңелип, табият ойгонот.
Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, ар бир үйгө бакыт, кубаныч алып келсин! Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм.
Нооруз жүрөгүбүздү кубанычка, жаркын келечекке болгон үмүткө толтурсун. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жанырып, бакыт менен ырыскыга толсун, өлкөбүздө тынчтык, токчулук болсун!
Урматтоо менен, Бекжан Усеналиев