Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык участкалык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо үчүн 2025-жылдын 25-мартынын саат 18:00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан талапкерлерди көрсөтүүнү камсыз кылуу зарыл.
Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталуучу документтердин тизмеги:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө типтүү формасы.
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 61-34-65