Бишкек шаарында бюджеттик угуулар өтөт!
2025-жылдын 5-мартында саат 11-00 до Бишкек шаардык кеңешинин «2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтом долбоору боюнча бюджеттик угуулар өтөт.
Угуулар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилиги жана Бишкек шаарынын жарандык коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.
Бюджеттик угуулардын максаты – бюджетти түзүүнүн приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берүү, жергиликтүү коомчулуктун пикирлерин эске алуу, 2025-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун угуу жана талкуулоо.
Ушундай иш-чаралар коомчулукту маалымдоо жана бюджет долбоорун карап чыгуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында ар жылы өткөрүлүп турат.
Шаардык бюджеттик угуулар КТУнун «Манас» Маданий борборунда өтөт, дареги: Бишкек шаары, Чынгыз Айтматов проспекти, 198 (китепкана).