Урматтуу жарандар!
Бишкек шаарынын коомчулугуна шаардыктардын көрүнүктүү кызматтарын баалоо, Бишкек шаарынын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жеке ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында «Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө» жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши 2024-жылга «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын сыйлыктары боюнча комиссиясы тарабынан сунушталган талапкерлер боюнча маалымат берет:
- Аскаров Алик Бакеевич - “Кыргыз Республикасынын ардактуу авиатору”;
- Бактыбеков Алымбек Бактыбекович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
- Сурапбаев Таалайбек Каримжанович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
- Досиев Эдик Шарипович – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
- Чепеев Калыбек Чепеевич – Бишкек шаардык кеңешинин XXV, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
- Абдиев Бактыбек Кемелович - “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер”, Бишкек шаардык кеңешинин XXVII, XXVIII чакырылыштарынын депутаты;
- Досалиев Эльмир Акуналыевич- Бишкек шаардык кеңешинини XXVII, XXVIII, XXIX чакырылыштарынын депутаты;
- Маматалиев Абдырахман Мадакимович - “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси”;
- Исаков Марат Абдымажимович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси, “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги”, Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун ардактуу мүчөсү;
- Рыскулов Эмиль Рысалиевич - Бишкек шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын депутаты, “Бажы кызматынын чыгааны”; ;
- Давлянов Дамирбек Тайырбекович – милициянын полковниги,”Мыкты кызматкер”, укук коргоо органынын пенсионери;
- Урманбетов Кыялбек - Кыргыз Республикасынын Эл акыны;
- Сырдыбаев Улан Муратбаевич - «Нурсан» ЖЧКнын башкы директору.
«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамына талапкерлер боюнча өз сунуштарыңызды жана сын-пикирлериңизди Бишкек шаардык кеңешине Бишкек шаары, Чүй пр., 166 дарек боюнча жөнөтүңүз.