Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Салт боюнча жаны жылдын босогосунда басып өткөн жолубузга көз чаптырып, өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Кызыктуу, оңой эмес, ошол эле учурда жакшы өзгөрүүлөргө бай болду.
Биз, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, пландарыбызды ырааттуу ишке ашырып, социалдык-экономикалык кайра курууларды сапаттуу ишке ашырабыз. Биргелешип, мекенибиздин стабилдүү жана динамикалык өнүгүүсүн камсыздап, тынчтыкты сакташыбыз керек. Келе жаткан жыл бардык жакшы үмүтүбүздү жана аракетибизди актап, жетишкендиктерди көбөйтүп, өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачсын!
Маданият, агартуу, медициналык мекемелерде, социалдык-экономикалык тармактарда, коммуналдык жана бизнесте коом үчүн иштегендердин баарына ыраазычылык билдирем. Шаарыбыздын жаңы тарыхын түзүүгө салым кошкон, өзгөрүүлөрдөн коркпой, жаркын келечек үчүн алдыга умтулган ар бириңиздерге рахмат!
Келе жаткан 2025-жыл ар бириңиздердин жашооңуздарга жакшы өзгөрүүлөрдү алып келсин, үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүү, колдоо жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!

Жаңы жылыңыздар менен!