Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы бекитилди жана төрагалары, төрагаларынын орун басарлары шайланды. Бардыгы болуп Бишкек шаардык кеңешинде 7 профилдик туруктуу комиссия бар.

          Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясы: төрага - Айбек Макешов (фракция “Адилет”), төраганын орун басарлары - Куванычек Конгантиев  (фракция «Жаңы күч – Новая сила») жана Жибек Шарапова (фракция «Ынтымак»).

          Муниципалдык менчик, жер маселелер, шааркуруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы: төрага - Казыбек Эргешов (фракция «Ынтымак»), төраганын орун басарлары - Таалайбек Жакыпов (фракция «Жаңы күч – Новая сила») жана Айканыш Аширова (фракция «Адилет»).

          Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы: төрайым - Омуркан Ашанбаева (фракция «Жаңы күч – Новая сила»), төрайымдын орун басарлары - Нурзат Исакова (фракция «Эл үмүтү») жана Рамина Идырова (фракция «Адилет»).

          Турак жай - коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, байланыш жана экология боюнча туруктуу комиссиясы: төрага - Алымбек Бактыбеков (фракция «Жаңы күч – Новая сила»), төраганын орун басарлары - Гульназ Халилова (фракция «Ынтымак») жана Карыбек уулу Улукбек (фракция «Эл үмүтү»).

          Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы: төрага -  Абиров Жаныбек (фракция «Жаңы күч – Новая сила»), төраганын орун басарлары - Таалайбек Сариев (фракция «Ынтымак») жана Эржан Насиралиев (фракция «Адилет»).

          Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы: төрага - Рысбай Аматов (фракция «Эл үмүтү»), төраганын орун басарлары - Динара Бекмуратова (фракция «Жаңы күч – Новая сила») жана Дуйшонбек Бектемиров (фракция «Ынтымак»).

         Бишкек шаарына жаңы кошулган аймактарды жакшыртуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы: төрага Таалайбек Сурапбаев (фракция «Жаңы күч – Новая сила»), төраганын орун басарлары - Аскар Абышев (фракция «Ынтымак») жана Нурумбет Иманказиев (фракция «Адилет»).  

         Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин Президиумунун курамы бекитилди.