Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо жөнүндө” убактылуу жобону жана кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча календарлык планды аткаруу менен, XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 1-сессиясынын чечиминин негизинде, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун өкүлчүлүктүү жыйындарынын жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын 7-декабрында, саат 9-00дө, Абдумомунов көчөсү, 230 дарегиндеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кезектеги III Элдик Курултайга Бишкек шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өткөрүлөт.