Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Сессиянын отурумуна Бишкек шаарынын мэри жана орун басарлары, муниципалдык администрациялардын башчылары, шаардык кызматтардын, укук коргоо органдарынын, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты. 

Депутаттар бекитилген күн тартибиндеги  маселелерди талкуулап, жыйынтыгы боюнча токтомдорду кабыл алышты.

Сессиянын ишинин аягында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.Конгантиев ыраазычылык сөзү менен чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө шаардык кеңештин ынтымактуу, бирдиктүү ишин, Бишкек шаарынын мэриясы жана түзүмдүк бөлүмдөрү менен шаардын жана шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн биргелешкен иштердин аткарылгандыгын белгиледи. Бардыгына бакыт, ден соолук жана бакубатчылык каалады.