Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!

Жыл сайын 31 – августта биздин өлкө негизги улуттук майрам – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүн белгилейт. 

  Бул майрам бардык кыргызстандыктар үчүн кымбат жана мамлекетибиздин эркиндигинин жана кубаттуулугунун символу катары эсептелет. Ал өз өлкөсү менен сыймыктанган, анын тарыхын даңктаган, өз эмгеги жана таланты менен туулган жеринин гүлдөп өсүшүнө күн сайын салым кошуп жаткандардын баарын бириктирет. 

Мындан 33 жыл мурун Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылды – Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жана эгемендиги жарыяланып, анын өнүгүүнүн мындан аркы татыктуу жолун тарыхый тандоосуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эгемендүүлүк күнү – биздин мамлекеттүүлүгүбүз үчүн кылымдардан берки күрөшүбүздүн таажысы, элдин кайраттуулугунун образы, келечекке болгон жаркын умтулууларынын жаркын элеси болгон улуу майрам. Ар бирибиз үчүн бул өлкөбүздүн жаңылануусуна жана анын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине болгон үмүт менен байланышкан.  

Ынтымакты, биримдикти сактоо жана чыңдоо оңой иш эмес. Ал үчүн өлкөбүздүн жарандарынан акылмандык, сылыктык, көрөгөчтүк, бири-бирин сыйлоо жана сабырдуулук керек. Бирок биз ынтымакта, биримдикте күчтүүбүз! Биздин жалпы максатыбыз – мекенибиздин жыргалчылыгы, эгемендүү Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн эмгектенүү. 

Дагы бир жолу башкы улуттук майрам - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Тынчтык жана ынтымак, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм! 

   

Урматтоо менен, 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев