Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

90 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрлан Шеров кыргыз дзюдосунун тарыхында биринчи жолу коло медалга ээ болуп, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн планетанын мыкты дзюдочуларынын тизмесинде өзүнө орунду камсыз кылды.

Дзюдо федерациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке кыргыз спортуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем. Мындай колдоонун негизинде биздин спортчулар Париж-2024 Олимпиада оюндарынын алдында ишенимге жана күчкө толду.

Кыргыз дзюдосунун тарыхына салым кошкон ар бир инсанга терең ыраазычылык билдирем!!!

Париж, бизди күт - Биз жеңишке баратабыз! Алга КЫРГЫЗСТАН.

Урматтоо менен,
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти
К.Конгантиев.