Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу Бишкек шаарыбыздын тургундары жана кадырлуу коноктору!

Баарыңыздарды Бишкек шаарынын күнү менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм!
Бишкек кооздукка, укмуштуудай тарыхка жана байыркы маданиятка толгон. Бизде бай маданий мурастар жана шаарыбызды өзгөчө кылган салттардын көп түрдүүлүгү бар.

Өз эмгеги, күчү жана таланты менен шаарыбыздын өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп жаткан ар бир инсанга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Урматтуу бишкектиктер, сиздердин шаарыбызга болгон сүйүүңөр жана берилгендигиңер үчүн чоң рахмат!
Бишкектин эртеңки келечеги биздин биримдигибизден көз каранды! 

Биздин алдыбызда чоң милдеттер жана максаттар бар. Шаар тургундары  жана коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти активдүү жүргүзүп, экономикалык жана социалдык реформаларды иш жүзүнө ашырабыз. Биздин башкы максат – тынчтык жана ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык жана токчулук.

Урматтуу бишкектиктер! Баарыбызга тынчтык, бакубатчылык каалайм. Шаарыбыз ого бетер кооз боло берсин. Ата-бабаларыбыздан мураска калган шаарыбызды көзүбүздүн карегиндей сактап, келечек муундарыбыз сүйүктүү шаары менен сыймыктанышы үчүн ар бирибиз салым кошо берели.
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу достор! Бишкек шаарынын күнү менен!