Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн борбор калаада Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин төрагалы алдында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын өкүлчүлүктүү жыйын өттү.

Жыйынга жумушчу топтун мүчөлөрү, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары, Жылдызбек Абдраимов, Токтосун Султанов жана депутат Бактыбек Абдиев, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын беш жүзгө жакын өкүлү катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгына ылайык 2023-жылдын 15-декабрында Элдик Курултай өтөт, баардыгы Бишкек шаарынан 60 делегат жана делегаттардын резерви шайланды.

Куванычбек Конгантиев өз сөзүндө жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Элдик Курултайга шайланган делегаттарды куттуктап, шаар тургундарынан чоң ишеним көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.