Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери, сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

Заманбап дүйнөдө массалык маалымат каражаттарынын ролун жогору баалабай коюга мүмкүн эмес. Сиз жашоочуларды турмуштун орчундуу окуялары жана кубулуштары менен тааныштырып гана тим болбостон, коомдук пикирди  калыптандырып, конструктивдүү күчтөрдүн консолидациясына, жакшылык менен адилеттиктин чыныгы идеалдарын орнотууга салым кошуп жатасыздар.

Сиз өткөн жылдардагы журналистиканын даңктуу салттарын улантып жатасыздар,  анын эң негизгиси – окурмандын же көрүүчүлөрдүн кайрадан байланышы.   Бул байланыштын аркасында шаар тургундары муниципалдык жетекчилерден жана адистерден бардык кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

Массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин иши өтө татаал жана жооптуу, анткени алардын колунда- сөз, жер жүзүндөгү эң күчтүү куралдардын бири.

Маалыматтын ишенимдүүлүгү жана объективдүүлүгү, бүтүндүгү, эффективдүүлүгү жана калыстыгы, ар дайым иштин чоо-жайында болуу каалоосу, адамдарга жардам берүүгө даярдыгы – бул эң сонун сапаттар биздин ММКнын татыктуу ийгилигинин компоненттери болуп калды.

Ушул күнү ак ниет эмгегиңиздер, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана тандап алган ишиңиздерге чексиз берилгендигиңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем!

Кымбаттуу достор!   Жаңы идеяларды жана чыгармачылык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууну, ошондой эле Сиздерге, жакындарыңыздарга бакыт жана ийгилик каалайм!