Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!

Жыл сайын 7-8-ноябрда өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул күнү кыргыз элинин көп кылымдык бай тарыхы бар экендигин өзгөчө белгилегим келет жана ар бирибиз өзүбүздүн тарыхыбызды билүүгө милдеттүүбүз.  Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуу тарых алдындагы ыйык парз.Ошондой эле тарыхыбызды, ата-бабабыздан калган руханий байлыгыбызды сактап калууга милдеттүүбүз.Эгемендүү Кыргызстанды бекемдөөгө негиз салган жана бүгүнкү бакубат турмуштун пайдубалын түзгөн ата-бабаларыбыздын бардыгы  менен сыймыктанабыз жана урматтайбыз.     Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө биз өткөнгө көз чаптырып, келечекке карайбыз. 

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, ар бириңиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын дилимден куттуктайм!Кызматыбыз Бишкек шаарынын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө пайдалуу болсун. Ар бир үйдө тынчтык, токчулук, жаркын келечек болсун!