Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
  

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен шаардыктардын, Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм.

Күн сайын кылган ишиңиздерге жана милдетиңиздер үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер!

 Азыркы күнү  кескин өзгөрүү мезгилинде, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш куру сөз эмес, иш жүзүндө болуп турганда, ага баарыбыз күбөбүз. Сиздер өз милдеттериңиздерди ийгиликтүү аткарып, мыйзамдын жана адам укуктарынын сакчылыгында турасыздар.

Бул күнү мен милициянын ардагерлерине – көп жылдар бою Ата-Мекен үчүн жан аябастан кызмат кылган бийик адептүү инсандарга ыраазычылык билдирем. Жаш муундарды тарбиялоодо сиздердин акылмандыгыңар, тажрыйбаңар баа жеткис. Сиздердин турмуштагы ак эмгегиңиздер биз үчүн, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү экенин айткым келет.

Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн кызматтык милдетиңиздерди кесипкөйлүк жана ак ниет менен аткаргандыгыңыз, мекенге, элге, жана антыңызга берилгендигиңиз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден соолук каалайм. Ар дайым эмгегиңиздер баалансын.

Кыргызстандын жарандарынын жана элинин жыргалчылыгы үчүн маанилүү иштерде ийгиликтер боло берсин!”