Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу шаардыктар, депутаттар, шаардык мекемелердин жетекчилери жана муниципалдык кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктайм.
Бул күнү мен Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүүлүгүн белгилегим келет. 
Анткени, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлүдөрү жана аткаруу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү үчүн кызыкчылыктары боюнча биригүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптануу тарыхы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жашоого жөндөмдүүлүгүн, алардын туруктуулугун жана өзгөрүлүп жаткан тышкы жана ички жагдайларда өнүгүүсүн көрсөттү.
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары акыркы жылдары бир катар өзгөрүүлөрдү башынан кечирип, жергиликтүү коомчулуктун алдында ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин жана жергиликтүү калктын кызыкчылыгына ишке ашырууну өзүнүн ишинде негиз кылып алды. Ар дайым калктын көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечүүгө, жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулат.
Бул күнү жергиликтүү коомчулуктун бардык мүчөлөрүнө чың ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык каалайм! Сизди ар дайым ийгилик, бакубатчылык коштоп жүрсүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жылдан жылга ийгиликтүү болсун.
Шаардыктарга жана активисттерге жигердүү турмуштук позициялары үчүн, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине күжүрмөн  эмгеги үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.