Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

    

    

    Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны болду.

    Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Токтосун Султанов, БШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бактыбек Абдиев, мэрдин орун басарлары жана Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, муниципалдык администрациялардын башчылары, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Токтоналиев катышышты.

    Куванычбек Конгантиев Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” 2023-жылдын 29-августундагы № ПЖ 215 Жарлыгы жана Бишкек шаардык кеңешинин  “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” 2023-жылдын 5-октябрындагы № 90 токтому менен тааныштырды.

    Уюштуруу маселелер каралып, иш-чаралардын планы жана жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүү графиги бекитилди.

    Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календарлык планына ылайык, 2023-жылдын 16-октябрынан тартып 26-октябрына чейин жеринде 2023-жылдын 18-ноябрында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 10-00до өтө турган шаардык жыйынга жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн көрсөтүү боюнча жыйындары өткөрүлөт.