Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу биздин аталар жана апалар!

Кадырман карыялар!

Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Карысы бардын ырысы бар деп кыргыздар эзелтеден бери улуу адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.

Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү, урматоо — азыркы муундун милдети.

Сиздерге кам көрүп жылдан-жылга жашооңуздарды жеңилдеткенге баардык  аракеттерди кылабыз.

Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу  коомдун моралдык деңгээли бааланат.

Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат.

Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү.

Майрамыңыздар менен кадырлуу аталар жана апалар

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!