Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2023-жылдын август айында, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин жетекчилиги астында, Каракол шаардык кеңеши уюштурган Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын арасында футбол боюнча Кубок мелдешине катышышты.

 Мелдешке Каракол, Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен шаарларынын депутаттарынан түзүлгөн футбол командалары активдүү катышышты.

Бул мелдештин алкагында 2023-жылдын 18-августунда  Каракол шаарында тажрыйба алмашуу, өз ара байланыштарды чыңдоо  жана сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо максатында республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда расмий иш чаралар өткөрүлдү.  Бул иш чара расмий жолугушуу менен башталып, аны Каракол шаардык кеңешинин төрагасы ачты. Андан кийин Президенттин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Каракол шаарынын мэри сөз сүйлөшүп, конокторго  жылуу саламдарын айтышып, иш-чарага  ийгиликтерди каалашты. Каракол шаарынын өнүгүшү жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, презентация жасалды. 

Шаардык кеңештердин төрагалары, алардын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов иш чаранын катышуучуларына Бишкек шаарынын депутаттарынын ыраазычылык билдирип, тажрыйба алмашууну арттырууда, футбол мелдеши ынтымакта, ийгиликтүү өткөрүүнү каалап кетти.                                                        

Расмий жолугушуудан кийин, айрым муниципалдык ишканалардын ишмердиги менен таанышуу болуп өттү.

Жыйынтыгында:

1-орун - Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн футбол командасы;

2-орун - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн футбол командасы;

3-орун - Талас шаардык кеңешинин депутаттарынан түзүлгөн футбол командасы;

утушка ээ болушту.

Андан тышкары, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Туратбек Акимканов

- "Мыкты дарбазачы" номинациясында Ош шаардык кеңешинин депутаты Максатбек Маматкуловго;

- "Мыкты чабуулчу" номинациясында Талас шаардык кеңешинин депутаты Бузурман Багышбековго;

- "Мыкты футболчу" номинациясында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Канат Беркбаевге “Ыраазычылык баракчаларын” тапшырды.