Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу дарыгерлер, саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн кызматкерлери!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Сиздер эң маанилүү миссияны аткарып, адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн кам көрүп жатасыздар. Бул майрам ар дайым сиздин оор эмгегиңиздин канчалык маанилүү жана баа жеткис экенин эскертип турсун. Сиздер өзгөчө кесипти аркалаган тайманбас адамсыздар.
Биздин коомдо күн сайын врачтардын өзгөчө миссиясын түшүнүү жана таануу өсүп жатат. Өмүрүн медицина менен байланыштырган таланттуу жаштар көбөйүүдө.
Биз ар дайым медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүп, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.
Сиздерге ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ийгиликтерди каалайм! Талыкпаган эмгектин акыбети бейтаптарыңыздын көзүнө жаркыраган нур, алардын чын ыкластан ыраазычылыгы болсун! Ар дайым түшүнүү менен, мээримдүүлүк, колдоо көрсөтүүгө даяр туугандар, достор, жана пикирлештер болсун. Сиздерге тынчтык, бакубатчылык жана мээримдүүлүк! Жаркын кыялдарыңыз орундалсын!