Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу Бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору!

Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм.
Эзелтеден Курман айт майрамы элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылык менен кайрымдуулукту чагылдырып келет. Ал терең адеп-ахлактык, руханий мааниге ээ, адамдарды ынтымактуу болууга, сүйүүнүн, боорукердиктин жана кайрымдуулуктун түбөлүк баалуулуктарын сактоого чакырат.
Бул күнү сиздерге ден соолук, ийгилик, жакшы маанай жана бакубатчылык каалайм. Бул майрам ар бир үйгө жылуулук жана кубаныч, ынтымак, береке жана тынчтык алып келсин.