Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
 Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык  кызматкерлеринин күнү менен куттуктап коюуга уруксат этиңиздер!
Муниципалдык кызматкердин ролун белгилегим келет. Муниципалдык кызматкер болуу - күнүмдүк, ак ниеттүү жана сапаттуу иштөөнү, кесипкөйлүктү, өз убагында туура чечим кабыл алууну талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет. Шаардык муниципалитеттин бийлигине болгон ишенимдин деңгээли сиздердин натыйжалуу, кесипкөй жана биргелешкен ишиңизден көз каранды.
Жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана баш калаанын өнүгүшүнө багытталган күнүмдүк аракеттериңиздер, муниципалдык кызматкерлерге болгон сый-урматты жана ишенимди арттырууга салым кошот.
Мамлекет бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин карьералык өсүүсүн камсыздап, билимин жогорулатууга бардык шарттарды түзүп берди.
Биз биргелешип жарандардын жыргалчылыгы үчүн максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана Кыргызстандын элине кызмат кылуудагы асыл жана жооптуу ишиңизде кесиптик ийгиликтерди каалайм.