Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасы Куванычбек Конгантиев Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзунун генералдык сектеретары Фахри Солак менен жолугушту. Жолугушууга Гебзе муниципалитетинин мэри Зинур Буюкгөз жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаев да катышты.
Куванычбек Конгантиев өз сөзүндө Түркия менен Кыргызстандын элдерин кылымдар бою жалпы тарых байланыштырып турганын белгиледи. Диний-маданий коомчулук жана тарыхтын өзү Түркия менен Кыргызстандын, атап айтканда, Бишкек менен болгон өз ара өнүгүсү талашсыз, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин улуу келечеги, кызматташуунун, тажрыйба алмашуунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин түзөт. Ал Түркиянын шаарлары менен кызматташууну күчөтүүнү сунуштады. 
Өз кезегинде Фахри Солак борбор калаанын муниципалитетинин делегациясын Бишкек жана Конья шаарларынын ортосундагы боордоштук протоколуна кол коюу иш-чарасын аяктоо үчүн чакырды. Ошондой эле шаарлардын тажрыйба алмашуусу боюнча иштер жанданарын билдирип, Ата-Түрк паркын реконструкциялоо маселеси боюнча мурда түзүлгөн келишимдерди жаңыртып  аягына чыгарууну сунуштады.
Гебзе шаарынын мэри Зинур Буюкгөз, Гебзе шаарында 14 эркин экономикалык аймагы иштеген өнөр жай шаары болгондуктан, шаардын бюджети 100 млн. АКШ долларынан ашык жана калкынын саны 500 миң киши, экенин жана кызматташууга даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Куванычбек Конгантиев экономикалык кызматташуу приоритеттүү багыттардын бири экенин белгилеп, өнөр жай, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну ишке ашыруучу документтерди иштеп чыгууга жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдиги Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу менен активдүү иш алып барууда. Экономикалык, социалдык жана маданий маселелери боюнча иш улантылат. Жыйында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын директору Бектурган Орозбаев экономикалык, социалдык-маданий маселелерди өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды айтып, Фахри Солактын кызыгуусун жаратты.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы ишмердүүлүккө ийгиликтерди каалап жана эки тараптуу мамилелерди өнүгүүсүнө тилектеш экендигин билдиришти.