Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

«Кымбаттуу апалар!

Сиздерди ар бир адам үчүн эң маанилүү болгон Энелер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Элибиз эзелтеден Энеге жасаган аяр мамилеси менен өзгөчөлөнүп келген. Өлкөнүн азыркы жана келечектеги тагдырында да энелердин орду чоң.

Эне – бул жашоонун, ыйыктын, жылуулуктун, сүйүүнүн символу.

Сүйүү дүйнөнү башкарат дешет. Ааламда эч нерсеге баш ийбеген чексиз сүйүү бар. Бул эненин сүйүүсү, мээрими. Эне мээримин биз төрөлө электе эле сезебиз. Биз чоңоюп, үйдөн кетебиз. Бирок, кайда болбойлу,  бизди алыста жүргөн эненин жылуу колдору, назик көздөрү күтүп турганын билебиз.

Урматтуу апалар, эне сүтүн актоо – унутулгус карыз.  Бүгүн, ушул эң сонун майрамда мен сиздерге балдарыңыз үчүн жасап жаткан ар бир ишиңиз, сүйүүңүз, түшүнүктүүлүгүңүз үчүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.

Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, чексиз сабырдуулугуңуздар, руханий берешендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз! Балдарыңыз таланттуу, мээримдүү болуп чоңоюшсун. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык, үйүңүздөргө жылуулук каалайм!»