Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитти.
Бүгүн, 2023-жылдын 3-майында Бишкек шаардык кеңешинин XVI сессиясынын уландысы болуп өттү. Анын жүрүшүндө депутаттар талкуудан кийин Бишкек шаарынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө токтом долбоорун кабыл алышты.
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 18 миллиард 390 миллион сом суммасында болжолдонгон, бирок республикалык бюджеттен 3 миллиард 806 миллион сомго кошумча трансферттерди эске алганда шаардын бюджети 22 миллиард 869, 5 миллион сомду түздү.