Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 51 участкалык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат.

Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүү субъектилери болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.;

- шайлоо комиссиясы мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.

Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиялар участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин документтерин 2023-жылдын 23-апрелине, саат 18-00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруусу керек.

Жарандар, коомдук уюмдар документтерди 2023-жылдын 23-апрелине, саат 18-00гө чейин  Бишкек шаардык кеңешине тапшыруусу зарыл.

 Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги:

- участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспортунун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);

- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери;

- көрсөтүүчү субъектинин протоколу.

Талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.

 Маалымат алуу телефондору:

Бишкек шаардык кеңеши - 0 312 61 04 32,

Бишкек АШК - 0 312  38 24 26

Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, “участкалык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн” б.а. тиешелүү УШКнын курамында турган саясый партиялар бул УШКнын резервине документтерди бербейт.

Приложения:

Заявление

Протокол собрания (конференции) регионального отделения политической партии

Протокол собрания избирателей