Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жумушчу кеңешмесине катышты. Анда экология, тактап айтканда, ыш маселесин чечүү; жол тармагын өнүктүрүү; таштандыларды өз убагында чыгаруу, ошондой эле жарнактын эрежелери жана айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланды.