Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“Урматтуу бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен Бишкек шаардык кеңешинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Желегибиз мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн атрибуттарынын бири болуп саналат, ал эгемендүүлүктү, мекенчилдикти, биримдикти, мекенге болгон сүйүүнү чагылдырат.
Эгемен өлкөбүз жана бай тарыхы бар элибиз үчүн мамлекеттик туу өзгөчө мааниге ээ. Ал биздин ата-бабаларыбыздын татаал жолун жана даңктуу эмгегин, алардын улуу кыялдарын билдирет.
Элдин оймо-чийме маданиятында Күн – жарыкты, ачыктыкты, жашоого туруктуулукту билдирет. Анын от жалынына окшогон кырк нуру – бул бир эл катары бириктирилген кырк уруу
Желегибиз ар дайым ачык асманыбызда желбиреп, Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүгө берсин.