Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2023-жылдын 31-январында төрага Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы болуп өттү. Күн тартибине беш маселе киргизилген.

Сессияга төраганын орун басарлары Токтосун Султанов жана Жылдызбек Абдраимов, мэр Эмилбек Абдыкадыров, анын орун басарлары, төрт муниципалдык администрациялык райондун жетекчилери жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Күн тартибине ылайык, депутаттар туруктуу комиссиялардын курамы жөнүндө токтом кабыл алышты, ошондой эле муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын жаңы төрагасы Бекжан Үсөналиевди бекитишти.

Андан ары депутаттар «Бишкек шаарынын аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө» токтомун карап, кабыл алышты. Бул маселе боюнча мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковдун маалыматтады. 

Ошондой эле депутаттар Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер  жөнүндө токтомду талкуулап, токтом кабыл алышты. Мэриянын демилгесин вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Белгилей кетсек, мэрия калк үчүн тарифти бир адамга айына 41 сомдон, пенсионерлер үчүн 22,5 сомго чейин көтөрүүнү сунуштаган.

Мындан сырткары депутаттар  «Бишкек шаарынын аймагында сейилбактарды, скверлерди жана жашыл зоналарды уюштуруу, балдар аянтчаларын уюштуруу үчүн жер тилкелерин бекитүү жөнүндө» токтомду кабыл алды.