Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Бүгүн, 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күнүнө карата кайрылуу жасады. 
Кайрылуунун тексти:
Урматтуу ардагерлер! Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! 
Бүгүн Ленинград блокадасынын алынганына 79 жыл жана шаардын айланасындагы блокада шакеги талкаланганына 80 жыл толду.
Мындан 79 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согушунун эң каргашалуу окуясы болгон. Ленинград блокадасы - бул 900 күндүк эң оор азап, эң чоң кайраттуулук жана жан аябастык. Душман аскерлеринин күчтүүлүгүнө жана өжөрлүгүнө карабастан, шаарда курчоого алынган эл укмуштуудай чыдамкайлык жана туруктуулукту көрсөтүштү. Ленинграддыктардын кайраттыгы душмандын замбиректеринен жана снаряддарынан күчтүү болгон. Бул эрдиктин, укмуштуудай чыдамкайлыктын жана Мекенге болгон чексиз сүйүүнүн символу болуп калды.
Ленинградды сактап калуу учун жанын берген миллиондогон адамдарды — ачарчылыктан жана сууктан, бомбалоодон жана аткылоодон курман болгондорду биз ар дайым эстейбиз.
Ленинград салгылашуусунда кыргыз элинин 4500ден ашык уулдары курман болушкан.
1941-жылдын жай айынан 1942-жылдын декабрь айынын аягына чейин советтик Кыргызстанга дээрлик 140 миң адам эвакуацияланган, алардын 16 миңден ашыгы блокададагы Ленинграддан келген. Эвакуациялангандардын арасында жүздөгөн балдар болгон. Ондогон кыргыз үй-бүлөлөрү балдарды дароо үй-бүлөгө алып кетишкен. Жергиликтүү тургундар эвакуациялангандарга чоң меймандостук көрсөтүп, алар менен ансыз деле тар үйлөрү, жетишпеген кийимдерин, тамак-ашы менен бөлүшүштү.
Учурда Кыргызстанда Ленинград блокадасынан аман калган 12 адам жашайт.
Ленинграддын эрдиги, курчоодо калган шаардын коргоочулары көрсөткөн баатырдыктын, эрдиктин жана жан аябастыктын өлбөс мисалдары.
Ленинградды коргоочулардын эрдиктери биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Урматтуу ардагерлер, сизге таазим!