Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!

Жыл сайын 7-8-ноябрда өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бул күнү кыргыз элинин көп кылымдык бай тарыхы бар
экендигин өзгөчө белгилегим келет.
Кыргызстан эркиндикке, эгемендүүлүккө карай көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Ал эми тарыхыбызды билүү менен гана биз туура сабак ала алабыз. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө биз өткөнгө көз чаптырып, келечекке карайбыз. Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуу тарых алдындагы ыйык парз.
Биз тарыхыбызды, ата-бабабыздан калган руханий байлыгыбызды сактап калууга милдеттүүбүз.
Эгемендүү Кыргыз Республикасын бекемдөөгө негиз салган жана бүгүнкү бакубат турмуштун пайдубалын түзгөн ата-бабаларыбыздын бардыгы  менен сыймыктанабыз жана урматтайбыз.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору, ар бириңиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен чын дилимден куттуктайм!
Кызматыбыз Бишкек шаарынын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө пайдалуу болсун. 
Ар бир үйдө тынчтык, токчулук болсун!