Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде 2022-жылдын 5-ноябрында Т. Сатылганов атындагы филармонияда.

Бишкек шаарынын жергиликтүү жамааттынын Курултайы өткөрүлдү. Бишкек шаарындагы өтүп, ага жарыяланган 800 дөн 780 делегат катышты.

Курултайды Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев ачып, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча шаардык уюштуруу комитетинин комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Куванычбек Конгантиев өз сөзүндө Курултайдын катышуучулары менен учурашып маанилүү окуя менен куттуктады. Курултай ата-бабаларыбыздын салтынын уландысы жана маселелерди чечүүнүн механизмдеринин бири деп белгиледи.

Ал Бишкек шаарынын Курултайынын делегаттарын шайлоодо жыйындарга жигердүү катышкандыгы үчүн Бишкек шаарынын бардык тургундарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Курултайды өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Жыйынтыгында Элдик Курултайга 60 делегат көрсөтүлүп, резерв түзүлүп, Элдик Курултайда айтыла турган негизги маселелер аныкталды.