Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2022-жылдын 17-майында Таалайбек Сариевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык кеӊешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумда комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоковду төмөнкү маселелер боюнча угушту:

- каттарды жана кайрылууларды кароо;

-  “2023-жылга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору;

- «Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар» Бишкек шаарын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө»  Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору.

Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү бир нече чечимдерди жана тапшырмаларды кабыл алышты.