Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Эне деген – керемет сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат.  Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Адам баласы өмүр бою эненин жылуу сөзүнө, колдоосуна жана кубаттоосуна муктаж.

Ушул күнү ар бирибиз өз энелерибизди эстейбиз. Бул майрам  – энелерибизге  ыраазычылык билдирүүгө өбөлгө болсун.

Энелерибизге телефон чалып, үйүнө барып куттуктап, небере-чөбөрөлөрүн жыттатып, кубаныч тартуулоого жакшы себеп болсун.

Өтүп кеткендердин жаркын элесин эстейли...

Далай оорчулукту баштан кечирип, бизге тартуулаган жашоо үчүн ыраазычылык билдирели. Ар бирибиз кетирген катачылыкты моюнга алып, апаларыбыздан кечирим сурайлы...

Кымбаттуу апалар жана энелер!

Ар дайым балдарыңардын ийгиликтерине ортоктош болгула,  неберелер эрмек болуп, көңүлүңөрдү көтөрүп турсун!  Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бардык жакшылыктарды каалайм!

Урматым менен, Куванычбек Конгантиев