Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү, баардыгыбызды бириктирип турган майрамыбыз – сүйүктүү Бишкек шаарыбыздын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам, бардыгыбызды Бишкекти ыңгайлуу, гүлдөп-өскөн жана ийгиликтүү шаарга айландыруу максаттарыбыз менен бириктирет!

Урматтуу шаардыктар,

борборубузда болуп жаткан өзгөрүүлөргө бардыгыбыз күбө болуп турабыз.

Бишкек – заманбап шаарлардын катарын толуктап, жаңы боёкторго боёлуп, ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Бул ар бир жарандын эмгеги! Шаарга сүйүүсүн жана камкордугун берген, анын ийгиликтүү келечегине ишенген, жана анын өнүгүшүнө салым кошкон, Бишкек шаарыбыздын ар бир жашоочусунун эмгеги!

Албетте, биздин алдыбызда дагы көп иштер турат. Биз биргелешип жакшы натыйжаларга жетишебиз деп ишенем. Бишкектин эртең кандай болоору биздин биримдигибизден, ынтымактуулугубуздан жана шаарды жакшыртууга болгон умтулуубуздан көз каранды. Чын жүрөгүмдөн ар бир үй-бүлөгө бакубат жашоо жана молчулук каалайм.

Майрамың менен, менин сүйүктүү Бишкегим!