Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2022-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Бишкек шаарынын Ленин районунун тургундарынын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча жумуш жыйындарды өткөрдү.

Жыл башында Куванычбек Конгантиев 2022-жылга максаттарды белгилөө үчүн иш сапарларды жана жарандар менен жолугушууларды өткөргөн. Тургундар менен болгон жолугушуулардын, ошондой эле бир нече жолку сапарлардын жыйынтыгы менен Бишкек шаарын көрктөндүрүү боюнча жакынкы жана узак мөөнөттүү пландар аныкталып, аларды ишке ашыруу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.

Бүгүн Куванычбек Конгантиев вице-мэр Мирлан Байгончоковдун, “Бишкекглавархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу Башкармалыгынын жана Ленин районунун райондук администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү.

Төмөнкү маселелер боюнча иш-чаралардын планы талкууланып, милдеттер менен мөөнөттөр белгиленди:

  1. Фучик сейил багында спорттук комплексин куруу;
  2. №42, №50 жана №57 мектептер үчүн заманбап спорт комплексин куруу;
  3. жолдорду жана тротуарларды ремонттоо:

- Гатчинский туюк көч, П. Лумумба көчөсү Жамгерчинов көч. Баштап Орский көч. чейин, 2-товар көчөсү Шиш-Төбө көч. баштап Путейский көч., Абаканский көч., Келечек-15 көч., Обская жана Магистральная көчөлөрүн бүтүрүү;

  1. балдар аянтчаларын жана спорт аянтчаларын куруу:

- Киркомстром, № 3 квартал; Бөкөнбаев көчөсүнүн № 245 жана № 249 үйлөрдүн короосунда;  Фучик көч, № 18 жана 18-г; Калык Акиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн короосунда.

Ар бир маселелердин аткаруусу боюнча  аткаруунун мөөнөттөрү жана милдеттери белгиленди. Ар бир маселе Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин жеке көзөмөлүндө.