Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2022-жылдын 16-апрелинде шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев баштаган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.

Коомдук иш күнүнүн жыйынтыгында «Россия» кинотеатрынын артындагы сейил бакка 33 даана катальпа көчөттөрү жана 37 түп ясень дарагы, бардыгы болуп 70 түп көчөт отургузулду. Катальпа - бул жергиликтүү климатка ыңгайлашкан жана 1,5 - 2 айга гүлдөй турган укмуштуудай кооз дарак.

Айта кетсек, жаз башынан бери Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары өз округдарында ишембилик өткөрүп, 1000ден ашык ар кандай көчөттөрдү отургузушкан. Борбор калааны көрктөндүрүү, Бишкек шаардык кеңешинин негизги приоритеттеринин бири болуп саналат.

Маалымат үчүн: учурда катальпа, шаарларды жашылдандырууда кеңири колдонулган дарак болуп саналат, ал салттуу терек менен липаны алмаштырат. Бул түрдүн өкүлдөрү ири шаарлардын газ менен булгануусуна эң сонун туруштук бергендиктен, алар абдан кургакчылыкка чыдамдуу жана көптөгөн түрлөрү эрте жашында гүлдөп, жыл сайын гүлдөп турат. Катальпанын бардык түрлөрү эң сонун бал өсүмдүктөрү болуп саналат.