Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2022-жылдын 5-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун, БГКнын депутаттарынын, вице-мэрлердин жана Бишкек шаарынын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы болуп өттү.

Жыйын Бишкек шаардык кеңешинин «Ишеним» фракциясынын депутаты Гүлнара Сатыбалдиевага мандатын тапшыруу менен башталды.

Сессиянын күн тартибине киргизилген маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча:

 - Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети бекитилди, ал 15022,5 млн сомду түздү;

 - “Эски жана авариялык категорияга кирбеген муниципалдык имараттарды, курулмаларды негизги каражаттардын балансынын эсебинен чыгаруу, бузуу жана демонтаждоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык менчиктин жана муниципалдык жер тилкелеринин реестрин түзүү жана аны айтайын сайтка жайгаштыруу боюнча, бир нече жыл мурун башталган иштерди аягына чыгаруу тапшырмасы берилген. Ошондой эле бул сайтка Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу Башкармалыгы ижара шарттары, комиссиялардын иш графиги, сынактары тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу тууралуу айтылды. Бишкек шаарынын мэриясы 2022-жылдын 1-сентябрына чейин бардык муниципалдык менчиктин реестрин даярдап чыксын деген тапшырма берилди;

- “Жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага алуу укугу бар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, жеке жана юридикалык жактардын жана  жеңилдетилген ижара акысы менен ижарага берилүүчү объекттердин № 2 Тизмесин жана № 2 Тизмегин бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алынды;

-  Бишкек шаарынын үзгүлтүксүз автобустук каттамдарын тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Учурда Бишкек шаарында 38 жеке маршрут ташуучу иш алып барат, алардын 101 каттам линиясы бар;

- “Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алынды.

Ошондой эле, депутаттык корпус муниципалитетте жүргүзүлүп жаткан кадр саясаты, Кытай грантынын 2-фазасын ишке ашыруу жана башка буйрутмалардын алкагында салынып жаткан жолдордун курулушун аяктоо зарылчылыгы боюнча суроолорду, ошондой эле шаардыктар тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын алдында көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча суроолорду беришти.