Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Сиздерди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын сот органдарынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
 Бүгүнкү күндө сот бийлиги коомдогу мыйзамдуулукту кепилдөөчү эң маанилүү курал, ошондой эле жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон натыйжалуу мамлекеттик укук коргоо уюму болуп саналат. Бул анын азыркы конституциялык статусу. Сот болуу чоң жоопкерчилик. 
Өлкөнүн бардык жарандарынын мыйзам алдында теңдигин камсыз кылган мамлекетти укуктук, демократиялык деп атоого болот.  Бул сиздин кесибиңиздеги адамдарга өзгөчө талаптарды коет. Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу сиздердин ишиңиздердин артыкчылыктуу багыттары болууга тийиш.
Сиздер өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргызстанда укуктук мамлекетти калыптандырууга чоң салым кошосуздар деп ишенем.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!