Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу кыргызстандыктар,

Сиздерди өлкөнүн эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын символу болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы менен куттуктайм!

Эгемен өлкөбүз жана бай тарыхы бар элибиз үчүн мамлекеттик туу өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз эли өзүнүн көп кылымдык тарыхында катаал шартта эң башкы байлыгы – мамлекеттүүлүгүн сактап, бизге өткөрүп бере алган. Эгемендүү Кыргызстандын желеги сыймыктануу менен желбиреп турган гүлдөгөн эркин мамлекетти куруу биздин негизги максатыбыз.

Ушул эң сонун майрамда баарыңыздарга чың ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстаныбызга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!

Кыргызстандын Мамлекеттик Туусу өлкөнүн бейпил асманынын астында ар дайым бийик желбиреп турсун!

Терең урматтоо менен, Куванчбек Конгантиев