Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жолугушууда шаардын бардык орчундуу маселелери талкууланып, биринчи кезекте негизги максаты шаардын өнүгүүсү жана бакыбаттуулугу болгон муниципалитеттин натыйжалуу жана сапаттуу иштөөсү үчүн, Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек шаардык кеңешинин биргелешкен аракеттерин так координациялоо зарыл экендиги белгиленди.

Учурда Бишкек шаарынын алдында тез арада чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелер турат, ошондуктан таанышууга жана кириш сөзгө убакыт коротпостон дароо иш процесстерге өтүү керек.

Куванычбек Конгантиев, Бишкектин бүгүнкү көйгөйлөрү баардыгына, жетекчиликке да, карапайым жарандарга да белгилүү, бирок аларды чечүү үчүн, биргелешкен аракеттер талап кылынаарын да жолугушууда айтып өттү.

Биринчи кезекте көтөрүлгөн маанилүү маселелер:

- транспорт жана коомдук транспорт бирдиктерин сатып алуу;

- таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;

- Бишкек шаарынын аймагында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин мурда өздөштүргөн тургундардын жер тилкелерин мыйзамдаштыруу;

- 2022-жылга бюджеттик маселелер.

Учурда жергиликтүү бюджетти бекитүү процедуралары жүрүп жатат, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясында иш жүргүзүлүүдө.  Бирдиктүү салыктын пайдасына ыктыярдуу патенттен баш тартып, шаардык бюджеттен 1,6 миллиард сом жетпей калгандыгына   байланыштуу республикалык бюджеттен компенсация алуу зарылчылыгы келип чыккан.  Мэр бул маселени Каржы министрлигинде чечүү керектигин белгиледи.

Билим берүү мекемелеринде балдардын тамак-ашына бюджетти көбөйтүү маселеси, бул сумма шаарга республикалык бюджеттен компенсация түрүндө да керек.

Жолугушуу учурунда Бишкек шаарынын мэри эки мекеменин бекем байланышына, үзүрлүү жумуш алып баруусуна жана тезинен көрүнүктүү натыйжаларга жетишүүсүнө болгон үмүтүн белгилеп кетти.

Башка маанилүү маселелер да талкууланып, жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен аракеттерди жана иштерди координациялоо үчүн мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүү чечими кабыл алынды.