Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен боордош Куми шаарынын (Кёнсан Пукто провинциясы, Түштүк Корея) ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан аркы келечегин талкуулашты. 
Элчи мырза Корея менен Кыргызстан өлкөлөлөрүнүн кызматташтыгынын 30 жылдыгы белгиленип жатканын жана бул датага карата бир катар иш-чаралар пландаштырылып жатканын белгиледи. 
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы элчи Ли Вонджэ мырзага сый урмат көрсөтүп, ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 
Маалымат үчүн: 1991-жылдын декабрында Корея Республикасы Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. 1992-жылдын январында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. 
2007-жылдын сентябрь айында Бишкекте Корея Республикасынын элчилиги иштей баштаган, 2008-жылдын октябрында Корея Республикасынын Бишкек шаарында резиденциясы менен биринчи Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси аккредиттелген.