Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Отурумда комиссиянын мүчөлөрү, Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгүн карашты. Бул маселе боюнча комиссиянын отурумунда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбекк Байгончоков жана Бишкек шаарынын мэриясынын томонку түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынын маалыматын угушту:

-        Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция департаменти;

-        МСКБ ЧСКБнын бөлүмү;

-        Бишкек шаарынын мэриясынын ички аудит башкармалыгы;

-        Бишкек шаарнын ӨКМ башкармалыгы;

-        Бишкек шаарынын материалдарды сактоо кызматы;

-        Бишкек шаарынын ИИББ;

-        КР ИИМ СМОБ ЖКККББ.

Жүргүзүлгөн талкуунун натыйжасында комиссиянын мүчөлөрү бир нече тапшырмаларды беришти.