Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу Афган согушунун ардагерлери,

Легендарлуу 40-армиянын Афганистандан чыгып кеткенине 33 жыл болду. Ал каргашалуу күндөр бүгүнкү ардагерлердин эсинен кетпейт.

Согуш – бул жүрөгүбүздө жашап, эстен кетпеген жараат.

Бүгүн, Мекенибизди коргоп, өз жанын аябаган солдаттар жана сержанттар, офицерлер жана доктурлар, деги эле ошол каргашалуу күндөрү көргөн бардык мекендештерге терең урматто менен таазим этебиз. Жакын туугандарын жоготкон жердештерибиздин кайгысын тең бөлүшөбүз.

Биз эч качан сиздерди унутпайбыз.

Бишкек шаардык кеңештин атынан, жана жеке өзүмдүн атымдан Ата-Мекенибиз үчүн жасаган сиздердин эрдигиңиз үчүн рахмат айтам!

Ɵтүп кеткенкендердин үй-бүлөсүнө жардам берип, куралдаштарды колдоо менен, жаш муундун патриоттук сезимдерин тарбиялоого чоң салым кошуп жаткан афган-ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Сиздердин эрдигиңер, эрктүүлүгүңөр, ынтымагыңар – азыркы муундун солдат жана офицерлерине таттыктуу мисал.

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана эң негизгиси ачык асман каалайм!

Мекенибизде тынчтык болуп, өсүп-өнүгүшүнө тилектешмин!

Бар болуңуздар!

Урматым менен, Куванычбек Конгантиев