Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Бишкек шаарынын Ленин районунун Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия көчөлөрүндө жашаган шаардыктардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө тургундардын төмөндөгүдөй тапшырмалары айтылды: Бобулов көчөсүн Пушкинден Рыскуловго чейин оңдоо жана коммуникацияларды алмаштырууга көмөк көрсөтүү, Жаш Гвардия бульварындагы №2 «А» үйдүн жашоочулары «Бишкек жылуулук тармагы» ААКка тиешелүү насостук станциянын маселесин иликтеп берүүнү суранышты.

Буга байланыштуу Куванычбек Конгантиев тиешелүү кызматтын катышуусу менен көчмө жыйын өткөрүүнү пландаган. Ошондой эле Бөкөнбаев көчөсүндөгү 245- жана 251-үйлөрдүн авариялык түтүктөрүнүн маселеси боюнча шаардык кеңештин төрагасы жеринде тургундар менен жолугушуу өткөрөт.