Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бактыбек Абдиев “Өзгөчө кам көрүү” марафондун алкагында, Биринчи май районунун жеткинчектерин келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кичинекей тургундары жана бөбөктөр Бакттыбек Абдиевдин жаңы жылдык белектерине ээ болушту. Шаардык депутат 800дөн ашык жаш жеткинчектерге Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын чоң жыйындар залында концерттик программа уюштуруп, аларды жаңы жыл майрамдары менен куттуктап, атайын белектерин тапшырды.